Ооганстандагы жардырууну Түркия катуу айыптады

Ооганстандын борбор калаасы Кабулда террордук кол салууларга наалат айтуу жүрүшү убагында жарылуу болуп кеминде 80 киши каза тапты.

536109
Ооганстандагы жардырууну Түркия катуу айыптады

Ооганстандын борбор калаасы Кабулда хазаралар, өздөрү жашаган аймакка электр чубалгыларынын тартылышы талабы менен митинг өткөрүп жатышканда  жарылуу болуп кеминде 80 киши каза таап, 200 киши жаракат алды.

Көргөн күбөлөрдүн айтымдарына караганда 3 жанкечти элдин арасына кирип барып биринчиси үстүндөгү бомбаны жардырып жибергени, экинчисин полиция атып өлтүргөнү, үчүнчүсүнүн болсо жардыргычы бузулуп калгандыктан жардыра албаганы белгилүү болду.

Террордук кыймылды ал өлкөдө таасирин барган сайын арттырган ДЕАШ террор уюму милдеттенди.

Жаралуулардын Кабулдагы ооруканаларга жаткырылганын, каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн санааркалып жатканы белгиленди.

Ооганстандын мамлекет башчысы Ашраф Гани кол салууга байланыштуу билдирүү жарыялап, өлкөдө жекшимби күндү аза күтүү күнү деп жарыялады.

Бир тараптан Түркия, Ооганстандын борбору Кабулда болгон кол салууну катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жарыясында: «Сөзү болгон террордук кол салууну катуу айыптайбыз. Каза болгондордун жаткан жери жайлуу болушун, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилейбиз. Каза болгондордун жакындарынын кайраттуу болушун каалайбыз»,делди.

Анда бул өлкөнү баш аламан кылгысы келгендердин максаттарына жете албай турганы айтылып, Ооганстан өкмөтүнө террор менен күрөшүү боюнча колдоо көрсөтүлө турганы кайталанды.

Хазаралар, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келип Пакистанга бара турган ТУТАП электр энергиясы багытынын алар жашаган Бамян аймагынан өтүшүн талап кылып жатышкан.

Президент Ашраф Гани болсо хазаралардын талабын долбоордун чыгымы жогорулап кетет деген себеп менен кабыл алган эмес.



Тектеш кабарлар