Германияда куралдуу кол салуу

Мюнхен шаарында бир соода борборунда жана көчөлөрдө элге ок атылып 9 киши каза болду

535733
Германияда куралдуу кол салуу

Германиянын  Мюнхен шаарында бир соода борборунда жана көчөлөрдө элге ок атылып 9 киши каза болуп, үчөөсү оор болгон он алты киши жараланды.

Окуядан кийин кол салуучу  жанын кыйды. Полиция кол салуучунун 18 жаштагы Иран тектүү бир немис экендигин билдирди. Окуя боюнча  коомдук транспорт каттамдары токтотулуп, шаардагы көңүл ачуу жерлери менен ресторандар, шаардын тегерегиндеги шосселер жабылды.

Жан кечти кол салуучусунун жалгыз өзү кол салгандыгын билдирген немис полициясы эрте менен эрте сааттарда бир имаратка операция жүргүздү. Имаратта түнү көрүүчү көз айнектер табылды. Иттер  менен изилдөө жүргүзгөн полиция тинтүүнүн себебин билдирген жок.



Тектеш кабарлар