Францияда өзгөчө кырдаал алты айга узартылды

Франциянын президенти 14 -  июлдагы Улуттук күндөн улам берген маалыматында өзгөчө кырдаалдын соңуна чыгарын билдирген болчу

534511
Францияда өзгөчө кырдаал алты айга узартылды

Франция парламенти  өлкөдө өткөн жылдын ноябрь айындагы Париж кол салуусунан бери ишке кирген өзгөчө кырдаалды  алты айга дагы узартуу чечимин чыгарды.

Улуттук парламенттен кийин парламенттин үстүнкү канаты сенат да өзгөчө кырдаалдын узартылышын күткөн мыйзам долбоорун кабыл алды. Долбоор сенатта 26 добушка каршы 309 добуш менен кабыл алынды. Ушундайча төртүнчү жолу узартуу менен өзгөчө кырдаал Францияда 26 -  январга чейин иштейт. Муну менен соттун чечими болбостон үй жана иш жерлерин тинтүүгө болот.

Франциянын президенти 14 -  июлдагы Улуттук күндөн улам берген маалыматында өзгөчө кырдаалдын соңуна чыгарын билдирген болчу. Бирок ошол эле күнү Ницца шаарында 84 кишинин каза болушу жана көп сандаган кишинин жаралануусуна жол ачкан кол салуудан кийин кайрадан узартуу чечими чыгарылды.



Тектеш кабарлар