Англис деңиз флотуна таандык атомдук суу түбүндөгү кеме соода кемеси менен кагылышты

97 метр узундукта жана 1, 6 миллиард стерлрнгдик баадагы HMS Ambush торпеда жана Томагавк ракеталарын ташууда

534386
Англис деңиз флотуна таандык атомдук суу түбүндөгү кеме соода кемеси менен кагылышты

Англиянын королдук деңиз флотуна таандык бир деңиз түбүндөгү кеменин Гибралтар жээктеринде бир соода кемеси менен кагылышканы билдирилди.

Англиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Англия Королдук деңиз флотунун  басма сөз маалыматына орун берилди.  

Деңиз флотунун маалыматында аскердик машыгуунун негизинде суу астында бара жаткан HMS Ambush аттуу Astute классындагы деңиз түбүндөгү кеменин кечээ жергиликтүү убакыт боюнча 13:30да Гибралтар жээгинде бир соода кемеси менен кагылышканы белгиленди.

97 метр узундукта жана 1, 6 миллиард стерлрнгдик баадагы HMS Ambush торпеда жана Томагавк ракеталарын ташууда. Королдук деңиз флотунун Astute деңиз астындагы кемелери Британиянын эң чоң жана өнүккөн чабуул коючу деңиз түбүндөгү кемелеринин арасында орун алууда.



Тектеш кабарлар