ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүү

Көптөгөн өлкөдө Түркиядагы төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүү жана демократияны колдоо үчүн митингдер өтүп жатат.

532803
ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүү

Түркиядагы өкмөттү кулатууга аркет кылган төңкөрүшчүлөргө дүйнөнүн төрт тарабынан каршылык көрсөтүлүүдө.

Бир топ өлкөдө Түркиядагы төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүү жана демократияны колдоо үчүн митингдер өтүп жатат.

Германияда Франкфурт башкы консулдугунун алдында чогулган жүздөгөн адам, колдорунда желектер менен колдоо көрсөтүү митингин өткөрүштү.

Алар «Улут бул жерде, төңкөрүшчүлөр кайда» деген ураандарды чакырышты.

Македонияда да ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүлдү.

ФЕТӨ менен байланышы болгон коллеждин алдында чогулган бүтүрүүчү студенттер дипломдорун айрып, төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүштү.

Студенттерден турган топ да ата-энелерге балдарын террордук уюм менен байланышы болгон мектептерге жибербөөгө чакырды.

Босния-Герцеговинанын борбору Сараеводо да Түркияны колдогон митинг өткөрүлдү.  



Тектеш кабарлар