Түркиянын Кувейт аскердик атташеси кармалды
Ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин Европага качууга аракет кылган
531762
![Түркиянын Кувейт аскердик атташеси кармалды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/648a/84e0/5c73/578c7eaf85d5b.jpg?time=1718827163)
Түркиянын Кувейт аскердик атташеси Микаил Гүллү, ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин Европага качып баратканда кармалды.
Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка ылайык, Фетуллахчы террордук уюмдун соккусунан кийин Механикалык жана химиялык өнөр жайынын башкы директорлук кызматына пландалган Гүллү, Кувейттен Европага кетүүгө аракет кылып жатканда Сауд Арабиянын коопсуздук күчтөрү тарабынан камакка алынды.
Гүллүнүн Түркияга кайтарылып берилиши үчүн иш-чаралар башталды.