Чет өлкөлөрдөн Түркия өкмөтүнө колдоолор келип жатат

Төңкөрүш аракетинин мизи майтарылгандан кийин Түркия өкмөтүнө Греция жана Грузиянын өкмөт башчылары да колдоо көрсөтүштү.

531722
Чет өлкөлөрдөн Түркия өкмөтүнө колдоолор келип жатат

Төңкөрүш аракетинин мизи майтарылгандан кийин Түркия өкмөтүнө чет өлкөлөрдөн колдоолор келүүдө.

Грециянын өкмөт башчысы Алексис Ципрас премьер-министр Бинали Йылдырым менен телефон аркылуу байланышып, четке кагылган төңкөрүш аракетине байланыштуу түрк калкын жана өкмөтүн куттуктады.

Түркияда конституциялык демократиялык режимдин жана ыраттуулуктун сакталышынын бүтүндөй аймак үчүн маанисине токтолгон Ципрас, Греция калкы жана өкмөтүнүн атынан колдоолорун билдирди.

Премьер-министр Йылдырым да, демократияга жана улуттук эркке каршы куралдуу күчтөрдүн ичинде орун алган бир топ тарабынан жүргүзүлгөн төңкөрүш аракетинин ийгиликсиз болгонун жана демократиянын жеңгенин белгилеп кетти.

Бул процессте Греция өкмөтүнүн колдоосу үчүн ырахмат айткан Йылдырым, козголоңго катышкан жана тик учар менен Грециядагы Дедеагачка качкандардын эң кыска мөөнөттө Түркияга кайтарылышы талабын айтты.

Премьер-министр Ципрас бул кишилердин кайтарылышына байланыштуу процесстин баштатылганын билдирди.

Анда Түркия менен карым-катнаштарды өнүктүргүсү келгендерин айткан Ципрас, эки тараптуу жана Кипр менен кошо аймактык темаларда кызматташууга даяр болгондорун билдирди.

Ага жооп ретинде бул көз карашты бөлүшкөнүн белгилеген Йылдырым, бардык темада кызматташуу жана кеңешүүнү өнүктүрүү эрки бар экенин, ушул алкакта эң оболу күн тартиптеги ар түрдүү долбоорлордун тез арада жыйынтыкталышын каалагандарын айтты.

Грузиянын премьер-министри Гиоргий Квирикашвили да премьер-министр Бинали Йылдырымга телефон аркылуу байланышып төңкөрүш аракетине бөгөт коюлганын ыраазы болуп кабыл алгандарын айтты.

Грузиянын премьер-министри демократия күрөшүн куттуктаганын айтып, Түркиянын ырааттуулугунун аймактын ырааттулугу жана өнүгүүсү үчүн абдан манилүү экендигин баса белгиледи.

Квирикашвили бул күрөштө каза болгондордун жаткан жери жайлуу болушун тиледи. Өкмөт башчы Йылдырым да Грузия калкынын колдоосу үчүн ырахмат айтты, эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын улана турганын айтты.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар