Франциядагы террордук кол салууда 84 киши каза болду

Франциянын түштүгүндөгү Ницца шаарында 14 -  июль Улуттук Күн майрамында коркунучтуу террордук кол салуу жасалды

529895
Франциядагы террордук кол салууда 84 киши каза болду
fransa saldırı2.jpg
fransa saldırı1.jpg

Франциянын түштүгүндөгү Ницца шаарында 14 -  июль Улуттук Күн майрамында коркунучтуу террордук кол салуу жасалды. Майрам болгон проспектиге бир жүк ташуучу машина калың элдин арасына кирип, айдоочунун туш тарапка ок тауусу менен 84 киши каза болду. Кол салууда 47 киши оор болуу менен 100гө жакын киши жараланды. Коопсуздук күчтөрү ок аткан айдоочуну өлтүрдү. Башка кол салуучулар да болушу мүмкүн  деген тынчсыздануу менен операция жүргүзүлдү. Жүк ташуучу машинада  көп сандаган ок – дары жана куралдын бар экендиги билдирилди. Кол салуу тууралуу териштирүүнү «террор менен күрөшүү» бөлүктөрү жүргүздү. Кол салуучунун  күбөлүгү машинадагы документтреден белгиленди. 31 жаштагы Тунис тектүү кол салуучунун Ниццада жашагандыгы жана мурун да кылмышкер болгондугу белгиленди.

Франциянын президенти Франсуа Олланд кол салуудан кийин Авигнондогу эс алуусун токтотуп борбор шаар Парижге кайтып келди жана премьер – министр Мануэль  Вальс жана кабинет мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү.

Кол салуунун Франциянын символу болгон 14 -  июлда жасалгандыгын баса белгилеген Олланд кол салуучунун өлтүрүлгөндүгүн  белгилеп, чукул абал планынын ишке киргендигин айтты.



Тектеш кабарлар