Түрк адистери Газага электр жарыгын алып барат

Газанын электр энергия маселесинин чечилишине карата Түркиядан барган адистер жолугушууларды өткөрдү.

527663
Түрк адистери Газага электр жарыгын алып барат

Газанын электр энергия маселесинин чечилишине Түркиядан колдоо көрсөтүлдү.

Түркия менен Израилдин ортосундагы нормалдашуу процессинен кийин Газадагы электр энергиясы маселесине чечим табуу максаты менен жолугушууларды өткөрүү үчүн Палестинага барган энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин адистери, Батыш Шерианын Рамаллах шаарында Палестинанын энергетика мекемесинин жооптуу кызматкерлери менен жолукту.

Жолугушууда электр энергиясы муктаждыгынын камсыздалышы үчүн Газа тилкесине кеме жөнөтүлүшү жана Анкаранын бул проекттин финансысынын бир бөлүмүн камсыздоосу темасы каралды.

Көп жылдар бою Израилдин курчоосу астында турган Газанын муктаждыгы болгон орто эсеп менен 400 мегаватт электр энергиясынын жалгыз 212 мегаватты камсыздалып келет. Аймакта күнүгө 12 саатка чейин электр жарыгынын өчүрүлүшү ал аймактагы калкты кыйын абалга түшүрүүдө.



Тектеш кабарлар