Ирактагы кол салууда 9 киши каза болду

Жаралуулар тегеректеги ооруканаларга жаткырылды

527728
Ирактагы кол салууда 9 киши каза болду

Ирактын борбор шаары Багдатта бир базар жерине жасалган кол салууда  9 киши каза болуп, 32 киши жараланды. Жаралуулар тегеректеги ооруканаларга жаткырылып, дарыланууга алынды. Кол салууну азырынча моюнга алган болгон жок. Бирок террордук уюм ДЕАШ өлкөнүн бардык шаарларында жан кечтилик кол салууларды жасоодо. Борбор шаар Багдаттын Каррада аймагында 3 -  июлда жасалган жана эң аз 292 киши каза болгон кол салуудан кийин өлкөдө коопсуздук сигналдары эң жогорку деңгээлге чыгарылды.



Тектеш кабарлар