12 миң 400 үй – бүлө үйлөрүн таштап кетишти
Феллужедеги кагылышуулардан улам 12 миң 400 үй – бүлө үйлөрүн таштап кетишти
Ирактын батышындагы Энбар аймагына караштуу Феллужедеги кагылышуулардан улам 12 миң 400 үй – бүлө үйлөрүн таштап кетишти.
Ирак миграция жана мигранттар министрлигинин катчысы Сеттар Невроз өткөн жумада үйлөрүн таштап кеткен жана өлкө ичи качкын болгон үй – бүлөлөрдүн үйлөрүнө кайра кайткандан мурда коопсуздук күчтөрүнүн текшерүүсүнөн өтөрүн айтты.
Ирак армиясы полицияга караштуу элементтер шиит куралдуу күчтөрүнөн турган Хашди Шаби менен суннит уруусунун күчтөрү Феллужени ДЕАШтан куткаруу үчүн 23 - майда биргелеше операция жүргүзө баштаган.
Ирактын премьер – министри Хайдер ел - Абади 27 - июнда Ирак армиясына караштуу коопсуздук күчтөрү менен аларга жардам берген куралдуу топтор тарабынан текшерүүгө алынган Феллуже шаарынын борборуна кирип, шаардын террордук уюм ДЕАШтан толугу менен алынгандыгын билдирген болчу.