Сирияда 25 киши каза тапты

Шейх Саид аймагындагы абадан кол салууда болсо 5 киши каза болду

522679
Сирияда 25 киши каза тапты

Сирияда режим күчтөрүнүн жана АКШнын жол башчылыгында коалиция күчтөрү жүргүзгөн абадан операцияларда 25 жаран каза болду. Асадга таандык аскердик учактар Халепте оппозициячылдардын колундагы Тарык Ел Баб аймагына кол салды. Базар жерин бутага алган кол салууда 11 жаран каза болду. Шейх Саид аймагындагы абадан кол салууда болсо 5 киши каза болду.

АКШнын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн Манбиждеги кол салууларында да 2 аял жана 7 бала каза болду. Бир тараптан оппозициячылдар Асаддын чеби болгон жээктеги шаар Латакияда бир кыштакты колго алды. Стратегиялык мааниге ээ болгон Кансаба кыштагы Орусиянын Асад режимине берген колдоосунан кийин оппозициячылдардын колуна өткөн жерлердин бири болду.



Тектеш кабарлар