Сирияда кол салуу

Каза болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар.

521939
Сирияда кол салуу

Сириянын борбору Дамасктын Чыгыш Гута аймагындагы Отая кыштагына режим күчтөрү тарабынан жасалган ракеталык кол салуулардан 18 тургун каза болду.

Жарандык коргоо кызматкерлеринен алынган маалыматка караганда, оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Отая кыштагында ракеталар отурукташуу жерлерине түштү. Каза болгондордун арасында аялдар жана балдар да бар.

Кол салуудан ондогон киши да жаракат алса, аймак чоң зыянга учурады.  


Этикеткалар: #Сирияда , #ракеталык

Тектеш кабарлар