Берлинде Бранденбург капкасы түрк байрагынын түсү менен жарыктандырылат

Берлин провинциясынын премьер – министри Майкл Мюллер Кадир Топбащка кат жазды

521006
Берлинде Бранденбург капкасы түрк байрагынын түсү менен жарыктандырылат

Германиянын борбор шаары Берлиндеги тарыхый Бранденбург каалгасы Стамбулда «Ататүрк» аэропортунда болгон террордук кол салуудан кийин бир тууган шаар Стамбул менен тилектештик ичинде экендигин көрсөтүү максатында бүгүн кечинде түрк байрагынын түсү менен жарыктандырылат.

Берлин провинциясынын басма сөз жана информация мекемеси тарабынан берилген маалыматта Берлин провинциясынын премьер – министри Майкл Мюллердин Стамбул мэри Кадир Топбашка жиберген катында «Ататүрк» аэропортуна жасалган кол салууну айыптап : «Террористтер бизди коркутууну жана эркиндигибизден баш тартуубузду каалап жатышат. Ийгиликсиз болушу керек. Бизди коркута алышпайт»,- деди. Маалыматта Стамбул менен тилектештик ичинде экендигин көрсөтүү максатында Мюллердин Бранденбург каалгасынын бүгүн кечинде түрк байрагынын түсү менен жарыктандыруу чечимин чыгарганы белгиленди.



Тектеш кабарлар