Израиль аскерлери палестиналык аялды атып өлтүрдү

Эл аралык коом баскын астындагы Палестина жерлеринде жашаган еврей отурукташуучуларды мыйзамсыз деп кабыл алууда

517958
Израиль аскерлери палестиналык аялды атып өлтүрдү

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада «унаасы менен кол салды» деген негиз менен палестиналык бир аялды атып өлтүрдү.

Израиль армиясынан берилген маалыматта палестиналык аялдын Батыш Шерианын түштүгүндөгү Кирят Арба еврей отурукташуу жеринде «унаасы менен сүзүп эки израилдик отурукташуучуну жаралагандыгы» белгиленди.

Жаралуулардын ооруканага жаткырылгандыгы билдирилген маалыматта кол салуу жасаганы ортого салынган палестиналык аялдын да окуя жеринде аскерлер тарабынан атып өлтүрүлгөндүгү белгиленди.

Батыш Шериа жана Чыгыш Иерусалим 1967 -  жылдан бери Израилдин колунда. Батыш Шериада жарым миллионго жакын, Чыгыш Иерусалимде да эки жүз миңге жакын еврей отурукташуучу жашап жатат. Эл аралык коом баскын астындагы Палестина жерлеринде жашаган еврей отурукташуучуларды мыйзамсыз деп кабыл алууда.



Тектеш кабарлар