Орус согуштук учактары отурукташуу жерлерин бутага алды
Отурукташуу жерлерине кластердик бомбалар менен кол салды.
516811
Орус армиясына таандык согуштук учактардын Сириянын Халеб шаарында оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү райондорго жүргүзгөн абадан операцияларынан 7 карапайым тургун көз жумду.
Орус согуштук учактары Катыржы шаары менен Хрейтан жана Анадан райондоруна кластердик бомбалар менен кол салды.
Отурукташуу жерлери бутага алынган кол салуулардан 7 жаран каза болсо, көп сандаган киши да жаракат алды.
Катыржы районунда урандынын астында калган эки үй-бүлөнү куткаруу иштери уланып жатат.