Израиль жана Орусия тууралуу маанилүү билдирүүлөр

Ибрахим Калын суроолорго жооп берди.

516769
Израиль жана Орусия тууралуу маанилүү билдирүүлөр

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Израиль жана Орусия тууралуу орчундуу билдирүүлөрдү айтты.

Ибрахим Калын бир телеканалда күн тартипке байланыштуу суроолорго жооп берди.

Түркия-Изриль сүйлөшүүлөрү тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү айткан Калын, Газага эмбаргонун жоюлушу багытында Израиль менен белгилүү жерге жеткендерин жана Газага жардамдардын тоскоолдуксуз жеткириле турганын сөз кылды.

Израиль менен мамилелерди нормалдаштырууда чоң жылыштар болгонун белгилеген Калын: «Хамастын Стамбулда кеңсеси жок. Андай аскердик базасы жок. Машыктыруулар, аскердик координаттар дешет мындай нерсе эч качан сөз болгон эмес. Хамас менен сүйлөшүүнү улантабыз. Палестина башкаруучулугу менен сүйлөшүүнү улантабыз. Махмут Аббас менен да сүйлөшүүнү улантабыз»,-деп айтты.

Ибрахим Калын Түркиянын Орусия менен болгон карым-катнаштарына байланыштуу, аба мейкиндигин бузганы үчүн атып түшүрүлгөн учактын себебинен Түркия тараптын кечирим сурашы жана кун төлөшү сыяктуу абалдын сөз болбогонун айтты.

Катчы Сирияда Башар Асад темасында болсо Түркиянын мамилесинин өзгөрбөгөндүгүн, Асад ал жерден кетмейинче жарандык согуш аяктабай турганын айтты.

Айрым өлкөлөрдүн Сирия саясатын террордук уюм ПЙДнин үстүндө жүргүзүшү да туура эмес экенин баса белгилеген Калын: «Дагы бир жолу баса белгилегим келет, Түркиянын ПЙД темасындагы мамилеси күрттөргө карай мамиле эмес. Сирияда жашаган күрттөргө өздүк документи берилиши үчүн Асад менен сүйлөшүп жаткан ысым Эрдоган. Сирия күрттөрүнө ПЙД  үстүнөн өздүк берилүүгө аракет кылынууда. Бул аларга жасалган эң чоң адилетсиздик болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар