АКШда токой өрттөрү

Бир биринин артынан болгон өрттөр отурукташуу аймактары үчүн коркунуч туудурууда

516603
АКШда токой өрттөрү

АКШнын Калифорния аймагында акыркы жылдардын эң олуттуу кургактыгы таасирин тийгизип, абанын температурасынын жогорулоосу менен  ар башка аймактарда бир биринин артынан болгон өрттөр отурукташуу аймактары үчүн коркунуч туудурууда.

Жуманын башынан бери Дуарт жана Азуса шаарларынын жакындарындагы Сан Габриель тоолорунда башталган жана отурукташуу аянттарына карай ылдам жайылган өрт 2 миң гектарга жакын аянтты таасири астына алды.

Миңден ашуун кызматкер танкер жана тик учарлар менен кийлигишкен Лос Анжелес улуттук токоюндагы өрттөн улам 858 үй бошотулду. Сен Диегонун түштүк чыгышында Мексика чек арасына жакын Потреро аймагындагы өрттөн улам жүздөгөн киши аймактан чыгарылды.

Үч күндөн бери болуп келе жаткан жана 2 миң 500 гектардык аянтты таасири астына алган өрттө ушул кезге чейин 13 үй колдонулбай турган абалга келип, миңге жакын имарат үчүн да бошотуу буйругу берилди. Жетекчилер Сан Диегодо болуп жаткан өрттүн азырынча 15 пайызы текшерүүгө алынганы билдирилди.



Тектеш кабарлар