Кипр рум бөлүгү өрт менен күрөшүүдө

Кипр Рум башкаруусу Тродос тоолору жакындарында үч күндөн бери өрт менен күрөшүүдө

516127
Кипр рум бөлүгү өрт менен күрөшүүдө

Кипр Рум башкаруусу Тродос тоолору жакындарында үч күндөн бери өрт менен күрөшүүдө.

Өрттү өчүрүү үчүн Түркиянын эки өрт өчүрүүчү тик учар жана бир учак жиберерине байланыштуу кабар түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы тарабынан рум башкаруусуна билдирилген. Рум башкаруусу Түркиянын бул сунушуна оң жооп берди. Рум лидер Никос Анастасиадис Акынжыга  сунушту кабыл алышкандарын билдирип, рахмат айтты.

Румдар мындан мурда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жардам сунушун четке каккан болчу. Азыр да Израиль, Греция, Англия, Франция жана Италиядан аймакка барган тик учарлар менен учактар өрттү текшерүү астына алууга аракет кылууда.



Тектеш кабарлар