Жаңы Зеландия аскерлеринин Ирактагы кызмат мөөнөтү узартылды
Жаңы Зеландия аскерлеринин кызмат мөөнөтүнүн 18 ай дагы узартылгандыгын билдирди
Жаңы Зеландиянын премьер – министри Жон Кей Ирак коопсуздук күчтөрүн машыктыруу менен милдеттүү Жаңы Зеландия аскерлеринин кызмат мөөнөтүнүн 18 ай дагы узартылгандыгын билдирди.
Иракта кызмат кылган 143 Жаңы Зеландия аскердик кызматкери 2018 - жылдын ноябрь айына чейин аймакта Ирак коопсуздук күчтөрүн ДЕАШка каршы машыктырууну улантат. Кей Тажи лагериндеги машыктырунуун бир жылдан бери ийиликтүү жүргүзүлүп жаткандыгын эске салды. Ирак коопсуздук күчтөрүн машыктырууга 2014 - жылы 10 кишилик аскердик кызматкер менен катышкан Жаңы Зеландия өткөн жылы бул санды 143кө жеткирген.
Австралия жана Жаңы Зеландия аскердик кызматкерлери тарабынан берилген жана Тажи лагеринде улантылып жаткан машыктыруудан 7 миңге жакын аскердин пайдаланып жаткандыгы белгиленүүдө.