Карелияда 14 бала каза болду

Алар Карелия аймагына саякатка чыгышкан

514396
Карелияда 14 бала каза болду

Орусияда эки кеме оодарылып кетип, 14 бала көз жумду.

Бул окуя Карелия автономиялуу облусундагы Сямозеро көлүндө болду.

Москвадан өлкөнүн түндүгүндөгү Карелия аймагына эс алууга чыккан 47 бала менен 4 адамды ташыган кеме, шамалдын себебинен оодарылып кетти.

Апааттан 12ден 14 жашка чейинки балдар сууга чөгүп көз жумду.

Оодарылып кеткен кемеден сактоочу жилет кийген өспүрүмдөр гана аман калышты.

Саякатты уюштургандар коопсуздук эрежелерин бузгандыктары үчүн камакка алынды.

Жооптуу кызматкерлер, аймакта катуу шамал боло турганы жөнүндө эскертүүлөр айтылгандыгын, алардын эскертүүлөрдү эске албагандарын билдиришти.



Тектеш кабарлар