Орусиянын түндүгүндөгү апаат

Бир көлдөгү кырсыкта 10у баладан турган 11 киши каза тапты.

514025
Орусиянын түндүгүндөгү апаат

Орусиянын түндүгүндөгү Карелия автономиялуу республикасында балдардын лагерь саякаты апаат менен аяктады. Бир көлдөгү кырсыкта 10у баладан турган 11 киши каза тапты.

Russia Today телеканалынын кабарына караганда Москвадан кеткен 47 бала менен 4 киши, Сэм Ноль көлүнүн жээгинде лагерь курушкан.

Лагердегилер 3 яхта менен көлгө чыгышканда шамал башталды. Яхтадан экөө оодарылып кетти. Апааттан куткаруучу жилеттерин кийген балдар кутула алышты. Бир окуучу жээкке өзү сүзүп чыга алды. Сууда жоголгон 3 киши изделип жатат.



Тектеш кабарлар