Москвада "Түркия кечтери" аттуу ооз ачуу программасы уюштурулду

Жеңиш паркында курулган Рамазан чатырында уюштурулган ооз ачуу тамагына Түркиянын Москвадагы элчиси Үмит Ярдым катышты.

513688
Москвада "Түркия кечтери" аттуу ооз ачуу программасы уюштурулду

Орусиянын баш калаасы Москвада курулган Рамазан чатырында «Түркия кечтери» аттуу ооз ачуу программасы уюштурулду.

Жеңиш паркында курулган Рамазан чатырында уюштурулган ооз ачуу тамагына Түркиянын Москвадагы элчиси Үмит Ярдым, Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнуддин менен эки өлкөдөн тең көп сандаган атуулдар катышты.

Куран-ы Керимден үзүндүлөр окулуп башталган программада сөз сүйлөөлөрдөн кийин Түркиядагы Рамазан салттары түшүндүрүлгөн видео слайт көрсөтүлдү.

Орусияда жашаган мусулмандардын Рамазан айынан улам быйыл 11-жолу Москвада Рамазан чатыры курулду. Москва мусулмандарынын диний башкармалыгы тарабынан курулган чатыр, бир жолкуда 450 киши, кеч бою 700 кишини тейлейт. Чатырда ар кечте ар башка өлкөнүн жана аймактын ооз ачуу программасы уюштурулууда.



Тектеш кабарлар