Кытайда сел жүрдү

33 миңден ашуун киши селден улам көчүүгө мажбур болду

513473
Кытайда сел жүрдү

Өлкөнүн түштүгүндө бир жумадан бери жаап жаткан жамгыр селдин болушуна жол ачты. Аймактагы отурукташуу жерлери суу астында калып, 33 миңден ашуун киши селден улам көчүүгө мажбур болду. 10 аймакта 4 миллионго жакын киши тескери таасирленген катуу жамгыр жаашында 20 миң гектардык эгин аянты зыян тартты. 1700 үй кулап, 700 үй зыянга учурады.

Түштүк аймактарда жамгыр жаашына байланыштуу табигый апааттардан улам түздөн түз экономикалык жоготуунун 42 миллион доллар болгондугу билдирилген. Дайынсыз  жоголгон 6 кишини изилдөө - куткаруу иштери да улантылууда. 

 

 

 



Тектеш кабарлар