Иракта бомбалуу кол салуулар болду

Бомбалуу кол салууда бирөөсү аскер болгон жети киши каза болуп, жыйырма сегиз киши жараланды

513563
Иракта бомбалуу кол салуулар болду

Ирактын борбор шаары Багдатта жасалган бир топ бомбалуу кол салууда бирөөсү аскер болгон жети киши каза болуп, жыйырма сегиз киши жараланды.

Биринчи болуп Багдаттын түштүгүндөгү Дура аймагында жолго жайгаштырылган бомбанын күзөттөгү аскердик унаа өтүп бара жаткан учурда жардырылуусу менен  бир аскер каза болуп, эки аскер жараланды.

Андан кийин Багдаттын түндүгүндөгү Таримиййе аймагында элдик базардын жакынында болгон жарылууда үч жаран каза болуп, он бир жаран жараланды.

Борбор шаардын түндүк батышындагы Ел – Хурриййе аймагында бир дүкөндүн алдында болгон жардырууда эки киши каза болуп, алты киши жараланды. Багдаттын батышындагы Ел – Амириййе аймагындагы   жардырууда болсо бир киши каза болуп, тогуз киши жараланды. Кол салуулардын жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар