Эйфель түрк байрагынын түсү менен бөлөндү
Эйфель мунарасы экинчи жолу түрк байрагынын түсү менен бөлөндү
![Эйфель түрк байрагынын түсү менен бөлөндү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4721/f4a1/afa8/5764ec00d641a.jpg?time=1718774344)
Францияда өткөрүлгөн 2016 Европа футболдук чемпиондугунун алкагында Эйфель мунарасы экинчи жолу түрк байрагынын түсү менен бөлөндү. Ницца шаарында Испания менен беттешкен А улуттук курама команда Twitterдеги күнүмдүк тизмеде 30 пайыз менен экинчи жолу эң көп колдоо көргөн команда болду. Түркиядан кийин 26, 6 пайыз менен Хорватия, 19,9 пайыз менен Италия келди. Ай жылдыздуу команда жалпы тизмеде да 23, 7 пайыз менен эң жогорку ордун сактап жатат. Эйфель мунарасы чемпиондукта социалдык медиа платформасы Twitterде жүргүзүлгөн сурамжылоонун алкагында күн сайын матчы болгон өлкөлөрдүн арасында акыркы матч бүткөндөн 10 минутадан кийин эң көп колдоо алган өлкөнүн командасынын байрак түсү менен жарыктандырылууда.
Түркия чемпиондукта 12 - июнда Хорватия менен беттешкен биринчи матчтан кийин Twitterда эң көп сөз болгон өлкө катары күнүмдүк тизмеде 55, 9 пайыз менен биринчи болду.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718774344)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.