Бразилияда экономикалык кризис

Мишел Темер Риого чоң көлөмдө жардам берүүгө убада кылды

513468
Бразилияда экономикалык кризис

Олимпиада оюндарын өткөрө турган Бразилияда саясий кризистен кийин экономикалык кризиси чыкты. Олимпиадаларга 50 күн калганда Рио де Жанейронун убактылуу губернатору Франчиско Дорнеллес чукул жардам берүүгө чакырды. Дорнеллес  оор экономикалык кризистин олимпиада оюндары үчүн керек болгон инвестицияларга тоскоол болгондугун билдирди. Дилма Россефтен кийин убактылуу түрдө мамлекет башчысы милдетин аткарган Мишел Темер Риого чоң көлөмдө жардам берүүгө убада кылды. Рио олимпиада оюндары үчүн 500 миң чет элдик конокту тосуп алууга даярданууда.



Тектеш кабарлар