Индонезияда көп сандаган кит жээкке чыгып калды

32 киттин 10нун кырылып калганы билдирилди.

512423
Индонезияда көп сандаган кит жээкке чыгып калды

Индонезиянын Чыгыш Ява аймагында көп сандаган кит жээкке чыгып калды.

Жээкке сүрүлгөн 32 боз киттин 10нун кырылып калганы билдирилди.

Куткаруучу топтор жана жергиликтүү эл киттерди аман сактап калуу үчүн аракет кылышты, бирок алсырап калган жаныбарларды сууга кайтаруу оңой болгон жок.

Океан суусу жылуу болгон жерлерде жашаган коюу түстүү киттердин тез-тез тобу менен жээкке чыгып калгандыгы белгилүү, бирок эмне үчүн ушундай кылгандары боюнча азырынча так маалымат жок.



Тектеш кабарлар