Орустар менен англичандар Францияда мушташууда

Футболдук мелдештин алдында англис жана орус күйөрмандар мушташа кетишти. 1 орус күйөрманы каза тапты.

509049
Орустар менен англичандар Францияда мушташууда
ingiliz-rus taraftarlar arasında kavga.jpg
ingiliz-rus taraftarlar kavga.jpg
ingiliz-rus taraftarlar arasında taşkınlık.jpg

Франция футбол аземине багынган абалда, англис жана орус күйөрмандар мушташа кетишти. 1 орус күйөрманы каза тапты.

Европа-2016 футбол чемпиондугунун алкагында Марсилияда Англия менен Орусиянын ортосунда боло турган оюндун алдында ашкере ичкилик ичкен эки команданын күйөрмандары адаттагыдай эле уруша кетишти.

Марсилиянын туристтик эски порт аймагында башталган урушта 6 киши жаракат алды. Анын экөөнүн абалы оор. Оор жаракат алган Орусия жараны приступ болуп, каза тапты. Оор жаракат алган Англиянын күйөрманынын абалы да оор болуп турат.

Сандары 500дөн ашкан күйөрмандарды ажыратуу үчүн жогорку басымдуу суу чачып жана көздөн жаш агызуучу газ колдонууга арагасыз болгон полиция, мушташка аралашкан 6 кишини суракка алыш үчүн кармап кетти.

Шаарда мурда күнү да орус жана англис күйөрмандары уруша кетишип, полиция араңдан зорго ажыраткан жана 9 кишини кармап кеткен.

Франциянын спорт министри Патрик Каннер, Англия-Орусия футболдук мелдешинин турнирдин эң коркунучтуу 5 беттешүүсүнөн бир катары каталганын билдирген.



Тектеш кабарлар