Түрк аба жолдорунун Румыниядагы учак рейстери

Стамбулдан Клуж шаарына да каттамдар башталат

508348
Түрк аба жолдорунун Румыниядагы учак рейстери

Түрк аба жолдорунун Румынияда Бухарест жана Көстенжеден кийин каттай турчу үчүнчү жер Клуж шаары болот.

Түрк аба жолдорунун 12-июлдан тарта баштай турган каттамдары, дүйшөмбү, шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү болуп жумасына 4 күн эки тараптуу түрдө жүргүзүлөт.

Түрк аба жолдорунун жүргүнчүлөрү, Стамбулдан Румыниянын академиялык, маданий жана өнөр жай тармагында абдан маанилүү шаарларынын бири болгон Клужга бардык салыктар менен бирге 129 доллар, Клуждан  Стамбулга болсо бардык салыктар менен бирге барып-келүү акысы 129 евродон  башталган баада саякат кыла алышат.



Тектеш кабарлар