Орусия Түркиядан импорттолуучу мөмө-жемиштерге толугу менен тыюу салбайт
Түркиядан дагы деле лимон жана грейпфрут менен катар айрым мөмө-жемиштер жана жашылчанын түрлөрү импорттолуп жатат
507645
Орусиянын айыл чарба көзөмөл мекемесинин (Россельхознадзор) төрагасы Сергей Данкверт, Түркиядан мөмө-жемиш импортуна толугу менен тыюу салууну ойлобогондорун билдирди.
Өлкөсүнүн андай нерсе пландабаганын белгилеген Данкверт: «Биз өзүбүзгө мындай милдетти койгон жокпуз. (Ден-соолукка карай) Коркунучтарды карап чыгып кыймыл кылууну чечтик. Эгерде (өсүмдүктөрдүн илдети боюнча) жаңы коркунучтар аныкталса анда биз чара көрөбүз»- деди.
Россельхознадзордун төрагасы, Түркиядан дагы деле лимон жана грейпфрут менен катар айрым мөмө-жемиштер жана жашылчанын түрлөрү импорттолуп жатканын эске салды.