Барак Обама Хиллари Клинтонду колдой тургандыгын билдирди

Хиллари Клинтон Обаманын бул колдоосун кубанычтуу кабыл алгандыгын билдирди

508178
Барак Обама Хиллари Клинтонду колдой тургандыгын билдирди

 АКШнын президенти Обама ноябрь айында боло турган президенттик шайлоодо Демократ партиясынын талапкери Хиллари Клинтонду колдой тургандыгын билдирди. Обама маалыматын Демократ партиясынын башка талапкери Берни Сандерс менен Ак үйдөгү жолугушуудан кийин билдирди. Обама Хиллари Клинтонго берген колдоосун социалдык медиа аркылуу жарыяланган бир видео менен коомчулукка жарыялады. Видеодо Обама : «Президенттиктин канчалык кыйын экендигин билемин жана бул кызматты андан дагы жакшы аткара турган кишини тааныбаймын»,- деди.

Обама Клинтонду тышкы иштер министри болуп турган кезде күчтүү жана адилеттүүлүгү менен куттуктады. Хиллари Клинтон Обаманын бул колдоосун кубанычтуу кабыл алгандыгын билдирди.

Ак үйдөн чыгып бара жатып маалымат берген Берни Сандерс болсо келерки жумада борбор шаар Вашингтондо боло турган алдыңкы шайлоонун акырына чейин жарышта болорун айтты. Сандерс Хиллари Клинтон менен кыска убакытта жолугушарын жана Республикачыл партиянын талапкери Дональд Трампты жеңилүүгө учуратуу үчүн бирдикте иштей тургандыгын билдирди.

АКШда алдыңкы шайлоо июль айында аяктайт. Партиялар президенттик талапкерлерин  өткөрүлө турган конгресстерден кийин билдиришет.



Тектеш кабарлар