Түркия менен ЕБ террорго каршы саммит өткөрдү

Саммитте террордун финансыланышын жоюу жана террорго байланышы болгондордун өлкөдөн чыгарылышы сыяктуу бир топ темада макулдашуу камсыздалды.

507410
Түркия менен ЕБ террорго каршы саммит өткөрдү

Түркия жана Европа Биримдиги террордун финансыланышын жоюу жана террорго байланышы болгондордун өлкөдөн чыгарылышын да камтыган «юстициялык кызматташуунун арттырылышы» темасында бирдей көз карашта болушту.

Бельгиянын борбор калаасы Брюсселде тараптардын ортосунда атайын террор саммити өткөрүлдү.

Түрк тарабы, кесиптештерине жикчил террор уюму ПКК баш болгон ПЙД, ЙПГ, ДХКП-Ж жана ПДЙ-ФЕТӨ менен күрөшүүдө дагы көп кызматташуу жана активдүү күрөшүүнү күткөнүн билдирди.

Саммитте террордун финансыланышын жоюу жана террорго байланышы болгондордун өлкөдөн чыгарылышы сыяктуу бир топ темада макулдашуу камсыздалды, стратегиялык өнөктөштөр катары коопсуздукка жана тынчтыкка багытталган коркунучтарга каршы чогуу иштешүүнүн мааниси баса белгиленди.

Террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү жана чет өлкөлүк террорист агымын токтотуу үчүн чара көрүүлөрдү күчтөндүрүү токтому чыккан саммитте, ар бир эки тараптын юстициялык кызматташуусу жана чалгындоо бөлүшүүсүн арттыруу боюнча макулдашылды.



Тектеш кабарлар