Франция Орусияга жасалган санкцияларды жеңилдетет

Франция сенаты Орусияга жасалган санкцияларды жеңилдетүүгө чакырган бир чечим долбоорун кабыл алды

507263
Франция  Орусияга жасалган санкцияларды жеңилдетет

Франция сенаты Социалист өкмөткө Украина кризисинин айынан Орусияга жасалган санкцияларды жеңилдетүүгө чакырган бир чечим долбоорун кабыл алды. Жалпы кеңештеги добуш берүүдө баш ийдирүүчү өзгөчөлүгү болбогон долбоор үчүн 301 «кабыл», 16 «кабыл болбогон» добуш чыкты. Долбоорду колдогон сенаторлордон Поззо ди Борго  жалпы кеңеште сүйлөгөн сөзүндө : «Европа Биримдиги тарабынан жасалган санкциялар оң жыйынтык берген жок. Санкциялар француз экономикасына зыянын тийгизди. Сенаттын бул чечими оң багытта демилге»,- деди. Чечимге «кабыл болбогон» добуш берген сенатор Херве Морэ болсо добуш берүүгө сунушталган текстти «Украина калкына тескери багытта кабар берет» деген негиз менен «скандал» деп мүнөздөдү. Өкмөттүн атынан сөз сүйлөгөн Европа Биримдиги министри Харлем Десир : « Минск келишимине сый көрсөтүшө турган болсо санкциялар жоюлат, биз азыркы учурда жол картабызды өзгөртө албайбыз»,- деп каршы чыкты.



Тектеш кабарлар