Хорватияда өкмөт кризиси
Вице – премьерлердин арасындагы келишпестик кризиске себеп болду
503997
Хорватияда төрт ай мурда курулган коалиция өкмөтүндө вице – премьерлердин арасындагы келишпестик кризиске себеп болду.
Премьер – министр Тихомир Орескович өткөргөн пресс – жыйында вице – премьердик кызматты алып барган коалиция өнөктөштөрү Хорват Демократиялык Биримдигинин лидери Томислав Карамарко менен Мосттун лидери Бозо Петровдун ортосундагы жеке карым – катнаштардын өкмөт үчүн оор жүк экендигин айтты. «Мен аларды жараштырганга аракет кылдым, бирок ийгиликтүү болгон жок»,- деген премьер – министр Орескович өкмөттүн реформа процессин улантуусу үчүн Карамарко жана Петровду арыз жазууга чакырды. Орескович бул эки ысымдын арыз бериши өкмөттүн жана өлкөнүн пайдасына болорун белгиледи.