Түркия менен болгон мамилелерибизди бузбашыбыз керек

Маркус Лёнинг 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу токтом долбоорун сынга алды

502023
Түркия менен болгон мамилелерибизди бузбашыбыз керек

Германия өкмөтүнүн мурдагы адам укуктары боюнча жооптуу кызматкери Маркус Лёнинг, Германиянын федералдык парламентинде карала турган токтом долбоорун сынга алды.

Маркус Лёнинг «Tagespiegel» гезитине берген маегинде: «Учурда орчундуу чукул маселелерге көңүл буруп, Түркия менен болгон мамилелерибизди бузбашыбыз керек»,-деди.

Лёнинг, 1915-жылы болгон окуяларга байланыштуу токтом долбоорунун мазмун жагынан да талаштуу экенин сөз кылды.

Баш калкалоочулар маселесине жана Сирия кагылышуусуна чечүүчү жол табууда Түркиянын баш тартылгыс өнөктөш экенин баяндаган Ленинг, токтом долбоору бул негизги саясий маселелер менен күрөшүүгө жардам бербейт деп айтты.



Тектеш кабарлар