45 миллиондон ашуун киши кулчулукта жашоодо

Эң көп кул Индияда

501158
45 миллиондон ашуун киши  кулчулукта жашоодо

45 миллиондон ашуун киши турмушун кулчулук менен өткөрүүдө.  Борбору Австралия болгон Walk Free фонду жарыяланган 2016  глобалдык кулчулук индексине караганда адам качыруу, мажбурлоо менен иштетүү, карыз болуу, мажбур түрдө үйлөндүрүү жана жыныстык жол менен кулчулукка дуушар болгон 45, 8 миллион кишинин үчтөн эки бөлүгү Азия – Тынч океан аймагында жашап жатат.

Эң көп кул Индияда.

Эки жыл мурункусуна караганда кулдардын саны 28 пайызга арткан Индияда 18, 3 миллион киши  кулчулукка мажбурдалууда. Индиядан кийин 3, 9 миллион кул менен Кытай, 2, 1 миллион киши менен да Пакистан турат. Бангладеш 1, 5 миллион менен төртүнчү, Өзбекстан да 1, 2 миллион кул менен бешинчи орунда турат. Индонезияда 736 миң, Мьянмарда 515 миң жана Малайзияда болсо 129 миң кишинин кулчулукта жашаганы айтылууда.

167 башка өлкөдө 53 тилде 42 миң сүйлөшүү жүргүзүлүү менен даярдалган индекске караганда калк санына караганда эң көп кулчулук катнашы болгон өлкө Түндүк Корея...

Өлкөнүн калкынын 4, 37 пайызы кул болуп жашоодо. Фонддун куруучусу Андрев Форрест адам качыруу жана заманбап кулчулукка соң берүү үчүн дагы катуу чаралардын көрүлүүсү керектигин баса белгилеп : «Өкмөт иш дүйнөсү жана жарандык коом мекемелеринин бул жактан орчундуу роль ойногонуна ишенем. Күчтүн, ишеничтин, чечкиндүүлүктүн жана эрктин иреттүү колдонулуусу менен кулчулукту соңуна чыгара алабыз»,- деди. БУУнун адам сатуу токтомунун алкагында 124 өлкө адам качырууну кылмыш катары кабыл алууда.

Walk Free фонду 2012 – жылы заманбап кулчулук жана адам качырууга көңүл буруу үчүн австралиялык миллиардер Андрев Форрест тарабынан курулган.



Тектеш кабарлар