Орусия Түркия менен карым – катнаштарын оңдоону каалайт

Путин Грекиянын премьер – министри Алексис Ципраз менен жолугушкандан кийин Орусия – Түркия карым – катнаштары тууралуу маалымат берди

499506
Орусия Түркия менен карым – катнаштарын оңдоону каалайт

Грекиянын борбор шаары Афинада жолугушууларды өткөргөн Орусиянын президенти Путин Грекиянын премьер – министри Алексис Ципраз менен жолугушкандан кийин Орусия – Түркия карым – катнаштары тууралуу маалымат берди.

Түрк аба мейкиндигин бузгандан кийин түрк реактивдери атып түшүргөн орус учактары тууралуу айткан Путин Түркия менен карым – катнаштарын оңдоону каалашкандарын жанабайланышта экендерин айтты.

Орус аба күчтөрүнүн армия менен согушпаганын, террордук уюмдарды бутага алганын айткан Путин Түркияга каршы согушууну ойлошпогондорун да белгиледи.

Путин Крымдын Орусия тарабынан басылып алынышына байланыштуу маселенин жабылганын жана эч ким менен баалашпай тургандыгын да айтты.

 

Жолугушуудан кийин басма сөзгө маалымат берген Ципраз Орусия менен өлкөсүнүн ортосундагы диалогдун Москванын Европа менен болгон карым – катнаштарын жаңы бир деңээлге алып барарын айтты.

Украина маселесине байланыштуу аймактагы ырааттуулук жана тынчтыктын маанисине басым жасаган Ципраз тараптарды Минск келишимине баш ийүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар