Билим дүйнөсүнөн зика вируусу боюнча эскертүү
Адистер Бразилияда боло туган олимпиаданын «коомчулуктун саламаттыгы үчүн» башка жерде өткөрүлүүсүн айтышты
Бразилиянын Рио де Жанейро шаарында август айында боло турган олимпиада оюндарына байланыштуу билим дүйнөсүнөн эскертүү келди.
Оксфорд, Гарвард жана Яле сыяктуу дүйнөгө белгилүү университеттерде иштеген 150 илимпоз Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кат жиберип Бразилияда өткөрүлө турган олимпиада оюндарына көңүлдөрдү бурду жана зика эпидемиясынан улам санааркоолорун билдирди.
Адистер Бразилияда боло туган олимпиаданын «коомчулуктун саламаттыгы үчүн» кечеңдетилүүсүн же болбосо башка жерде өткөрүлүүсү керектигин айтышты. Катта олимпиада үчүн эң аз 500 миң чет элдик туристтин Бразилияга барарын мунун да вирусту глобалдык эпидемияга айландырары боюнча эскертүү жасашты. Вирустун азыр да дарылоочу жеалдына алуучу эмдөөсү табыла элек.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.