Евразияга сереп салуу-20

Жапония менен Орусиянын карым-катнаштары

498562
Евразияга сереп салуу-20

«Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү уктуруубузда Жапония менен Орусиянын карым-катнаштары тууралуу сөз кылабыз.

6-майда Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ жолугушту. Сүйлөшүү үч сааттан ашуун убакытка созулду. Жолугушуунун  басымдуу бөлүгүндө Курил аралдарынын себебинен келип чыккан Орус-Жапон келишпестиги каралды.

Сочидеги Путин менен Абэнин жолугушуусунда, эки өлкөнүн ортосундагы аралдарга байланыштуу тынчтык келишими талкууланды. Сүйлөшүүдө Курил аралдары бойунча жаңы мамиле жөнүндө сөз болду. Эки өлкөнүн тыш иштер министрлигинин  буга чейин жасаган аракеттери колдоого алынды. Тыш иштер министрликтеринин тынчтык келишимин июнь айында кайрадан карай тургандыгы, эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин да маселенин чечилишине салым кошуу үчүн аракет кылаары айтылды. Айрыкча сүйлөшүүлөрдүн эки өлкөнүн коопсуздук кеңештеринин арачылыгы менен да улантылышына макул болушту.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүдө Ооганстан маселесинин да каралгандыгын белгилеп, баңгизатка каршы күрөшүүдө эки өлкөнүн биргелеше полиция даярдоо долбоору бар экенин,  ошол эле учурда Орто Азиядагы  айрым долбоорлордун талкуулангандыгын айтты .

Орусия менен Жапония, Корея жарым аралынын ядролук куралдардан арылуусуна байланыштуу келишимдердин аткарылышы жөнүндө  өз ойлорун айтышты. Ошондой эле Түндүк Кореянын атомдук статуска ээ болушуна каршылык көрсөтүлдү.

Жапониянын Орусияга каршы киргизген санкциялары  күн тартибинде жок болсо да, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн көбөйүшү жана ири инвестиция долбоорлорунун каралгандыгы маалымдалды. Ал эми Орусия менен Жапониянын 8 беренеден турган экономикалык кызматташуу долбоорунун ишке ашырылышы күн тартибине коюлду.

Путин Абэни 2-3-сентябрда Владивостокто өтө турган экономикалык форумга чакырды. Сүйлөшүүдө Путиндин Жапонияга сапары да талкууланды.

Орусия менен Жапониянын ортосунда 70 жылдан бери Курил аралдары боюнча талаш-тартыштар уланып келе жатат. 1945-жылдын 8-августунда Советтер Союзу Жапонияга согуш жарыялап  Курил аталган 56 аралга кирип барган. Советтер Союзу 1945-жылы 8-августта Шумшу аралын каратып алып түштүкө карай жылганда, жапондор артка чегинүүгө аргасыз болушкан. Орусия менен Жапониянын  Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомай аралдарына байланыштуу мамилеси чыңалган бойдон калууда.

 Бүгүнкү дүйнөлүк саясат  айрым өлкөлөрдүн мамилелерин оңдоого, эски маселелердин чечилишине алып келүүдө. Сочиде Орусия менен Жапония алакаларын бекемдөөнү каалагандарын ачык билдиришти. Демек эки өлкөнүн кызыкчылыктары учурда шайкеш келүүдө. Орусия Жапониядан инвестиция тартууну каалап жатса, Жапония Ыраакы Чыгыштагы  өз ордун күчтөндүрүүгө аракет кылууда.  

       Бир тараптан Жапониянын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон карым-катнаштары өнүгүп жатат. Жапониянын премьер-министри Абэ өткөн жылы Орто Азияга сапарга чыгып, аймак өлкөлөрү менен маанилүү келишимдерге кол койгон болчу. Бул келишимдердин ишке ашырылышы Жапония менен Борбор Азиянын мамилелерин жаңы деңгээлге жеткирет. Ал эми Орусия менен Жапониянын Ооганстанда биргелешкен долбоорлорду жүргүзүшү мактоого арзырлык.

Курил аралдарына байланышкан  кризис, батыштын Орусияга киргизген санкциялары  Орусия менен Жапониянын алакаларын жакшыртууга жолтоо болбочудай. Дегинкисинде мамлекеттер аралык мамилелерде талап кылынган жагдай да ушундай десек жаңылышпайбыз.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.

 



Тектеш кабарлар