АКШнын эки аскердик учагы абада кагылышты
Эки учакта жалпы 4 учкучтун бар экендиги билдирилди
498818
АКШнын жээк коопсуздук боюнча жооптуулары Ф - 18 моделиндеги аскердик учактарынын Түндүк Каролайнга жакын Атлас океанына түшкөнүн, эки учакта жалпы 4 учкучтун болгонун белгиледи. Учкучтардын балыкчы кемесинин жардамы менен деңизден чыгарылып, тик учар менен ооруканага алып барылганы билдирилди. Америка медиасы учкучтардын жеңил жаралангандыгын маалымдады. Учактардын түшүүсүнүн себеби азырынча белгисиз.