Израиль абадан кол салуу жасады
Бутага алынган аскердик аянттын тегерегиндеги үйлөр олуттуу зыянга учурады
498051
Израиль армиясы Газада Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ел - Кассам полкунун машыгуу аянтына эки жолу абадан кол салуу жасады. Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Израиль аскердик учактары Газанын түштүгүндөгү Рефах аймагы менен шаардын борборунда Ен – Нусайрат качкын лагериндеги Кассам полкторуна таандык аскердик машыгуучу аянттарын бомбалады.
Абадан жасалган кол салууларда каза болгон же жаралангандар болбостон бутага алынган аскердик аянттын тегерегиндеги үйлөр олуттуу зыянга учурады. Израиль Канал 2 телекөрсөтүүсү палестиналык топтун түнкү сааттарда Газа тилкесинен Израиль тарабына ракета атканын айткан.