Кытай коргоо бюджетин кыскартат

Кытай экономикасындагы акырындоо коргоо бюджетине да чагылышып 7,6 пайыз менен акыркы 6 жылдын эң төмөнкү деңгээлин көрсөттү.

497618
Кытай коргоо бюджетин кыскартат

Кытай бийлиги, өлкөнүн экономикалык өсүүсүнүн акырындаганы боюнча коргоо бюджетин кыскартууга баратат.

«South China Morning Post» гезитинин кабарына караганда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин экономикада болуп жаткан начарлоонун себебинен аскердик бюджеттин нормалдуу өсүүсүнүн уланбай турганын белгилеп, армиянын каржылоолорунда кылдат болууга чакырык таштады.

Си, аскердик каражаттардын ылайыктуу башкарылбаганына көңүл буруп, жогорку нарктуу ири долбоорлордон алыс туруу керектигин баса белгиледи.

Кабарда айрыкча финансынын кирешелериндеги азаюу жана улам арткан чыгашалардын натыйжасынан келип чыккан экономикалык акырындоо, аскердик каржылоолордо нормалдуу өсүүнүн камсыздалышынын оңойго турбасын көрсөткөнү баса белгиленди.

Кытай экономикасындагы акырындоо коргоо бюджетине да чагылышты жана 7,6 пайыз менен акыркы 6 жылдын эң төмөнкү деңгээлин көрсөттү.

Өлкөнүн коргоо бюджети 2015-жылы 10,1 пайызга көтөрүлгөн.



Тектеш кабарлар