Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эскертүүсү

Зика вирусунун жай айларында Европага жайылып кетүү коркунучу бар

493399
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эскертүүсү

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму зика вирусунун жай айларында Европага жайылып кетүү коркунучу бар экенин алдын ала эскертет.

Уюмдун билдирүүсүндө коркунучтун өлкөдөн өлкөгө өзгөрүшү мүмкүн экени, вирусту ташыган жана жуктурган Aedes чиркейлери жашаган аймактарда болсо дагы да кооптуу экени сөз кылынды.

Билдирүүдө, эч кандай чара көрүлбөсө Европа аймагында вирустун жайылып кетүү ыктымалынын 18 өлкөдө орто деңгээлде, Португалиянын жээгиндеги Мадейра аралы жана Карадеңиздин түндүк-чыгыш жээгинде болсо жогорку деңгээлде болоору сөз кылынды.

Чиркейлерден тышкары кан жана жыныстык жол аркылуу да жукканы аныкталган зика вирусу биринчи жолу 1947-жылы Уганданын Зика токойлорундагы маймылдарда катталган.

Көп жылдардан бери көрүнбөгөн зика вирусу, 2015-жылдын май айында Бразилия кайрадан пайда болду.

Зика вирусу көбүнчө кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Белгилери денеге бүдүрлүү кызыл темгилдер чыгып, дене табы көтөрүлөт. Көз кызарып, муундар ооруп, калтырап-чыйрыгуу күтүлөт. Бул ооруга каршы вакцина же дары-дармек жок. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы көрсөткүчтөрүнө караганда, Зика вирусу 2007-2016-жылдардын аралыгында жалпы 44 өлкөдө катталып, 33 өлкөдө болсо эпидемия түрүндө таасирдүү болду.



Тектеш кабарлар