Сауд Арабия насыя келишимине кол койду

Мунай бааларындагы төмөндөөнүн себебинен Сауд Арабиянын кирешелери чоң өлчөмдө азайды.

491558
Сауд Арабия насыя келишимине кол койду

Сауд Арабия электр станциясынын курулушу үчүн 900 миллион доллардык насыя келишимине кол койду.

Сауд Арабиянын электр компаниясынын билдирүүсүндө, бул компаниянын Түштүк Кореянын экспорт банкы, Токио-Митсубиси банкы, Дойче банк жана Сантандер банк менен электр станциясынын курулуш долбоорунда 900 миллион доллардык финансылык каражаттын камсыздалышы үчүн келишимге кол койгону белгиленди.

Мунай бааларынын 2014-жылдан бери орто эсеп менен 70 пайыз азайып, 120 доллардан 30 долларга чейин төмөндөшүнөн дүйнөнүн эң чоң мунай өндүрүүчүлөрүнөн Сауд Арабиянын кирешелери чоң өлчөмдө азайды.



Тектеш кабарлар