Тегеран менен Рияддын ортосунда ажылык кризиси чыкты

Иран бул жылы жарандарын ажылыкка жибербөө чечимин чыгарды

490194
Тегеран менен Рияддын ортосунда ажылык кризиси чыкты

Сирия жана Йеменде болгон жарандык согуштардан улам карым – катнаштары начарлаган Тегеран менен Рияд башкарууларынын ортосунда эми ажылык кризиси чыкты. Иран бул жылы жарандарын ажылыкка жибербөө чечимин чыгарды. Минада өткөн жылы болгон тебелендиде 460 киши ирандык болуп 2 миңге жакын ажы каза болгон.

Тегеран башкаруусу ушуга окшогон кырсыктардын дагы бир жол болбошу үчүн Сауд Аравиядан көрүлгөн чаралардын арттырылуусун каалап жатат. Бирок Ирандын айтымына караганда Сауд Аравия бул талаптарды орундатпай жатат.

Сауд Аравиянын ирандык ажылар үчүн виза, транспорт жана саламаттыкты тейлөө боюнча бөгөттөрдү чыгарганы да айтылгандардын арасында. Бир тараптан Рияд башкаруусу ирандыктардын ажылык вазыйпаларын аткаруусуна тоскоол болууда деген сөздөрдү четке какты. Тема тууралуу берилген маалыматта : «Сауд Аравия ажылык тууралуу түзөтүү жана жолдомолорго баш ийген эч бир мусулмандын ыйык жерлерге келүүсүнө бөгөт боло албайт»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар