Кытайда жааган жамгырдан улам 2 миңге жакын үй зыян тартты

Кытай Улуттук Метеорологиялык Борбору сел жана жер көчкү боюнча эскертти

487866
Кытайда  жааган жамгырдан улам 2 миңге жакын үй зыян тартты

Синьхуа агенттигинин берген маалыматына караганда өлкөнүн түштүгүндө өзгөчө Хубэй, Цзянси, Хунань жана Гуанси аймактарында таасирдүү болгон жамгырда электр үзгүлтүгү, суулар ташып жана жер көчкү болуп, 2 миңге жакын үй зыян тартты жана 30 миңден ашуун киши жашаган жерлерин бошотушту. Аймактардагы шаар, кыштак жана айылдарда чоң чыгаша болуп, экономикалык жоготуу 150 миллионго долларга жетти. Ошол эле учурда Кытай Улуттук Метеорологиялык Борбору сел жана жер көчкү боюнча эскертип, катуу жамгыр жаашына каршы  түштүк жана түштүк чыгыш аймактары үчүн жекшемби күнү берген сары сигналды берди.



Тектеш кабарлар