Сириядагы акыркы абал...

Хама шаарында саясий камактагылар да орун алган абакта козголоң чыкты.

486543
Сириядагы акыркы абал...

Орусия, Халебде 48 сааттык ок атпоонун дүйшөмбү күнгө чейин узартылганын жарыялады.

Ок атпоо жарыяланышы менен бирге эл үйлөрүнө кайта баштады.

Хама шаарында болсо саясий камактагылар да орун алган абакта козголоң чыкты, режим бөлүктөрү күч колдонуп козголоңду токтотууга аракет кылууда.

Хамадагы абакта 800 киши жатканы божомолдонууда. Дамаскка жакын жердеги бир абакка которулууга каршы чыккан абактагылар 10 абак кызматкерин барымтага алышты.

Сириялык оппозициячылдар камактагылардын өлтүрүлбөшү үчүн БУУнун коопсуздук кеңешинин абакка кийлигишүүсүн талап кылды.

Бул учурда Иран, Сирияда ушул убакка чейинки эң чоң жоготуусуна учурады.

Халебге 15 км алыстыктагы Хан Томан айылын басып алган Эл Нусрага караштуу террористтер ондогон кишини кырып салышты.

Ирандык жооптуу кызматтагылар, каза тапкандардын 13нүн ирандык аскердик кеңешчи болгонун, 21нин жарадар болгонун жарыялады.

Ошондой эле Халебге жакын жерде коалиция учактары террор уюму ДЕАШ буталарына абадан операция жүргүздү. Оппозициячылдар арасында аял жана балдар да болгон 6 кишинин набыт болгонун билдирди.



Тектеш кабарлар