Орусия менен АКШ Сириянын жалпысында ок атпоо үчүн макулдашты

Бардык тараптарга «жаңыланган келишимге» баш ийүү чакырыгы ташталды.

485024
Орусия менен АКШ Сириянын жалпысында ок атпоо үчүн макулдашты

Орусия менен АКШ Сирияда кагылышуулардын борбору абалына айланган Халебде ок атууну токтотуу темасында макулдашты.

АКШнын Мамлекеттик департаменти өлкөдөгү кагылышуулардын токтотулушунун, түндүктөгү Халеб шаарын да камтуусу темасында Москва менен макулдашкандарын жарыялады.

Келишим Дамаск убактысы боюнча саат 01:00де күчүнө кирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин жарыясында: «Ок атпоонун күчүнө киришинен бери айрым жерлерде ок атышуулар уланса дагы бул аймактарда жалпысынан зомбулуктун азайганын көрдүк»,-деп айтты.

Анда максатынын Сирияда жергиликтүү ок атпоолордун ордуна өлкөнүн жалпысында жарактуу боло турган ок атышуулардын токтотулушу боюнча макулдашуу болгону баса белгиленип, бардык тараптарга «жаңыланган келишимге» баш ийүү чакырыгы ташталды.

«Жаңыланган» ок атпоо  абалынын туруктуу болушу үчүн Орусия менен өнүктүрүлгөн байкоо аракеттери туурасында координациялуу болгондорун белгилеген жарыяда, Москва бийлигинен Эл аралык Сирияга колдоо тобунун тең төрагасы катары Асад режимине бул аракеттер темасында кысым көрсөтүшүн талап кылды.

Асад режиминин маалыматында да бейшемби таң заардан баштап 48 саат жымжырттык режими ишке ашырыла турганы белгиленди.

Халеб менен жетишилген келишимди ыраазы болуп кабыл алгандарын белгилеген АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри: «Бардык тараптардын режимдин жана оппозициянын Халебдеги ок атпоо келишимине баш ийишин күтүүдөбүз»,-деди.

Керри эл аралык Сирияны колдоо тобунун да келээрки айдын ичинде чогулушу күтүлүп жатканын баяндады.



Тектеш кабарлар