Кейт Бланшетт БУУнун ак ниет элчиси болду
Бланшетт сириялык баш калкалоочулардын кыйынчылыктарына күбө болууда
БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы, Оскар сыйлыктуу Голливуд жылдызы Кейт Бланшетти ак ниет элчиси деп дайындады.
Бланшеттин Иорданияда сириялык баш калкалоочулар менен жолугушканы жана кыйынчылыктарына күбө болгону сөз кылынды.
Билдирүүдө Бланшеттин бул сөздөрүнө орун берилди: «Мен бул ролду милдеттенгеним үчүн сыймыктанамын. Баш калкалоочулар менен бирге болуу жана тилектештик көрсөтүү үчүн мындан маанилүү убакыт болушу мүмкүн эмес. Болуп көрбөгөндөй кризис болуп жатат жана бул жоопкерчиликтин бүткүл дүйнө тарабынан бөлүшүлүшү керек. Учурда эки жолдун кесилишкен жеринде турабыз. Мээримдүүлүктүн жолунбу же адилетсиздиктин жолун тандайбызбы? Бир эне катары балдарымдын мээримдүүлүктүн жолун тандашын каалайт элем, анткени бул жолдо дагы көп мүмкүнчүлүк, дагы көп жакшылык жана чечүүчү жол бар»,-деди.
Тектеш кабарлар
Словения Палестинаны тааныйт
Словениянын 13-июнга чейин Палестина мамлекетин таануу чечимин чыгарары күтүлүүдө.